Дагы бир коррупциялык жол – эксперттер аймактык милициянын текшерүүлөрү бизнеске кандай коркунуч келтирерин айтып беришти

Ишканаларды текшерүү үчүн аймактык милицияга ыйгарым укуктарды берүү жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg сайтына Кыргызстандын ишкерлер бирлигинин президенти Мелис Сатаров билдирди.

Ал белгилегендей, райондук милиция кызматкерлеринин бизнеске эч кандай тиешеси жок. Бул дагы бир коррупцияга жем болот.

Сатаровдун пикиринде, бул демилге биринчи кезекте чакан жана орто бизнеске тиешелүү болот. Экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров да анын пикирине кошулат. Абакиров ИИМ кире албаган ири ишканалар текшерилбейт деп эсептейт. Карапайым эл кыйналып калат – кимдир бирөө, төлөп, ишин уланта берет, төлөй албаган адамдар бизнесин жабышат.

Абакировдун айтымында, мындай чаралар жумушсуздукту күчөтүп, экономиканы талкалайт.

Эске сала кетсек, өткөн айдын ортосунда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров экономикалык чөйрөдө райондук башкармалыктарга текшерүүчү ыйгарым укуктарды бере турган токтом долбоорун иштеп чыгып, министрлер кабинетине киргизүүнү тапшырган. Өткөн шаршемби күнү, 4 -августта, бул маселе боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өткөн.