> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Новосибирск биотехникалык паркы менен жогорку технологиялуу бизнести өнүктүрүүгө ниеттенүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/08/09/kyrgyzstan-novosibirsk-biotehnikalyk-parky-menen-zhogorku-tehnologiyaluu-biznesti-n-kt-r-g-nietten-d/
- Published: 2021-08-09T11:20:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:31:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Новосибирск биотехникалык паркы эл аралык бизнес-долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу жана көмөк көрсөтүү боюнча меморандумга кол койду. Бул документке 6-августта Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Калдарали Маматалиев менен парктын аткаруучу директору Денис Кузьминдин жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлганын ТИМ билдирди.**

Сүйлөшүүлөрдө тараптар тажрыйба алмашуу жана жогорку технологиялуу бизнес үчүн инфраструктураны түзүү боюнча илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулашты, ошондой эле кыргызстандык азык-түлүк, фармацевтика жана ветеринардык продукция өндүрүүчүлөр менен түз байланыш түзүү боюнча макулдашуулар болгонун министрликтен билдиришти.

Биотехнологиялык парктын директору кыргыз делегациясын ишкананын химиялык-аналитикалык, микробиологиялык, клиникалык-диагностикалык жана электр лабораториялары, парфюмериялык-косметикалык, медициналык жана ветеринардык багытындагы илимий-өндүрүштүк комплексинин иши менен тааныштырды.

Кольцово биотехнопаркы – бул жогорку фармацевтика, медициналык жана биотехнология тармагында иштеп чыгуу, изилдөө жана өндүрүш компанияларын топтогон изилдөө жана өндүрүш аянты болуп саналат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/51fe9abf-6473-3442-8247-169455cdaab3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/51fe9abf-6473-3442-8247-169455cdaab3.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/4a9ab5c4-bdcd-3ca0-b77f-d4e15e8d0c0f.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/4a9ab5c4-bdcd-3ca0-b77f-d4e15e8d0c0f.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/d7dab6ff-57bd-35f8-a475-747c34e29655.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/d7dab6ff-57bd-35f8-a475-747c34e29655.jpeg)