> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын мамлекеттик карызы жыл башынан бери 7 млн долларга кыскарды, бирок дагы эле көп
- URL: https://im.kg/all/2021/08/09/kyrgyzstandyn-mamlekettik-karyzy-zhyl-bashynan-beri-7-mln-dollarga-kyskardy-birok-dagy-ele-k-p/
- Published: 2021-08-09T16:04:47.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:40:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы + ички) жылдын ортосунда 4 млрд 921 млн долларды (416 млрд 630 млн сом) түздү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Жылдын башына салыштырмалуу республиканын карызынын өлчөмү 7 млн долларга кыскарды. 2020-жылдын 31-декабрына карата карыз 4 млрд 928 млн доллар эле.

**Мамлекеттик карыздын структурасы:**

- тышкы карыз – 4 млрд 159 млн доллар (85%)
- ички карыз – 762 млн доллар (15%)

Белгилей кетсек, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга 2025 -жылга чейин мамлекеттик карызды ИДПнын 60%дан төмөн түшүрүү аракетин көрүүнү сунуштаган. Учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 68%ын түзөт.