> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түндүк электр» ААКсы эскертет – Эртең карызы бар бишкектиктердин свети өчөт
- URL: https://im.kg/all/2021/08/09/t-nd-k-elektr-aaksy-eskertet-erte-karyzy-bar-bishkektikterdin-sveti-ch-t/
- Published: 2021-08-09T16:59:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түндүк электр» ААКсы 3.5 миңден ашык үй чарбасынын жана 1.5 миңден ашык абоненттердин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Эртең 10-августтан тартып «Түндүк электр» ААКсынын электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча автоматташтырылган маалыматтык өлчөө системасы дебитордук карызы **6 млн сомдон** ашык сумманы түзгөн Бишкек шаарындагы **5 миңден** ашуун абоненттеринин жарыктарын өчүрөт. 

Белгилей кетсек, 1-августка карата «Түндүк электр» ААКтын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 390 млн сомду түзгөн.