> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл дан эгиндери аз жыйналды – Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2021/08/10/byjyl-dan-eginderi-az-zhyjnaldy-ulutstatkom/
- Published: 2021-08-10T11:59:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) **230.7 миң гектар** аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3%га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52%га аз дан бастырылды.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү – 3.5%га кыскарды.

Ал эми өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жашылчалардын дүң жыйымынын (8.2%) олуттуу өскөнү байкалды.