Быйыл дан эгиндери аз жыйналды – Улутстатком

Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230.7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3%га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52%га аз дан бастырылды.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү –  3.5%га кыскарды.

Ал эми өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жашылчалардын дүң жыйымынын (8.2%) олуттуу өскөнү байкалды.