> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Дос-Кредобанк» акцияларын чыгаруу аркылуу 194 млн сом тапты
- URL: https://im.kg/all/2021/08/10/dos-kredobank-akciyalaryn-chygaruu-arkyluu-194-mln-som-tapty/
- Published: 2021-08-10T10:01:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Дос-Кредобанк» ААКсы өткөн аптада жөнөкөй акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу 194 млн тапты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын маалымат кызматы билдирди.**

КФБ белгиленгендей, бул бүтүм өткөн жумада (2-августтан 6-августка чейин) баалуу кагаздар рыногунда эң ири чыгарылыш болду. Ал 206 млн сомдон ашык сумманы түзгөн сооданын жалпы көлөмүнүн **94%ын** алды.

Банктан тышкары «Биринчи Металлобаза» ЖЧКсы (6.5 млн сом), «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААК (1.6 млн сом) жана «Салым Финанс» МФК (1.2 млн сом) сыяктуу компаниялар акцияларын коюшкан.