«Дос-Кредобанк» акцияларын чыгаруу аркылуу 194 млн сом тапты
«Дос-Кредобанк» ААКсы өткөн аптада жөнөкөй акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу 194 млн тапты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын маалымат кызматы билдирди.
КФБ белгиленгендей, бул бүтүм өткөн жумада (2-августтан 6-августка чейин) баалуу кагаздар рыногунда эң ири чыгарылыш болду. Ал 206 млн сомдон ашык сумманы түзгөн сооданын жалпы көлөмүнүн 94%ын алды.
Банктан тышкары «Биринчи Металлобаза» ЖЧКсы (6.5 млн сом), «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААК (1.6 млн сом) жана «Салым Финанс» МФК (1.2 млн сом) сыяктуу компаниялар акцияларын коюшкан.