Эми мамлекеттик ипотека алууга арызды онлайн берсеңиз болот – МИК

Мамлекеттик ипотекалык компания өкмөттүк турак жай программаларына катышууга арыз берүүнүн электрондук формасын ишке киргенин жарыялады.

Бул жарандардын убакытын жана чыгымдарын үнөмдөөчү ыңгайлуу жана ачык процесс деп билдирет МИК.

www.gik.kg сайты аркылуу катталып, арыз берсе болот. Баштапкы каттоодон өткөндөн кийин сизге жеке кабинет ачылат. Ал жерден маалыматтын баарын толтургандан кийин арызды жөнөтүү үчүн сиз идентификациялоо процедурасынан өтүп, өзүңүздүн жана жубайыңыздын жеке маалыматын иштетүүгө макулдук берүү зарыл.

Идентификациялоо процессинен өтүүнүн жана жеке маалыматты берүүнүн 2 жолу бар:

  • жашаган жериңиз боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация жана коммерциялык банктар аркылуу
  • уюлдук операторлордун жана коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу.

Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук коюлган талаптарга туура келүүсүн текшерүү үчүн мамлекеттик органдардан электрондук сурамдарды жүргүзүү керек.

Мындан ары кезекке туруунун кажети жок. Жеке маалыматты иштетүүгө макулдук бергенден кийин мамлекеттик органдардан сурамдарды жүргүзүү үчүн акысын төлөө керек. Ал электрондук төлөө кызматтар аркылуу төлөсө болот.

Катталуу боюнча суроолоруңуз болсо www.gik.kg сайтына өтүңүз.