> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын IT тармагы быйыл 9.5 млн доллар киреше тапты
- URL: https://im.kg/all/2021/08/10/krnyn-it-tarmagy-byjyl-9-5-mln-dollar-kireshe-tapty/
- Published: 2021-08-10T10:27:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы 2021-жылдын экинчи кварталы боюнча [отчетун ](https://www.facebook.com/HTP.KG/posts/3156656337944314)берди. Ушул жылдын II кварталында ЖТПнын кирешеси дээрлик 5.3 млн долларды түздү, бул 2020-жылдын экинчи кварталына караганда 80%га көп. 2021-жылга карата киреше – 9.5 млн долларга жетти.** 

Бул чейректе ЖТПнын **83 резидент** компаниялары иштеген жана алар **963** адамды жумуш менен камсыз кылган. 

> Ушул жылдын II кварталында ЖПТнын кирешеси дээрлик 5.3 млн долларды түздү, бул 2020-жылдын экинчи кварталына караганда 80%га көп. 2021-жылга карата киреше – 9.5 млн долларга жетти.

ЖТП бул кварталда мамлекетке дээрлик **88 миң доллар** салык төккөн.

Жогорку технологиялар паркынын көптөгөн IT компаниялары экспортко иштешет жана ушул жылдын экинчи мезгилинде экспорттун дээрлик **35% АКШга** туура келген жана андан тышкары, Казакстан, Кипр, Россия, Улуу Британия, Япония, Грузия, Австралия сыяктуу өлкөлөр менен да иштешкен.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/park-vysokih-tehnologij-819x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/park-vysokih-tehnologij.jpg)