КРнын IT тармагы быйыл 9.5 млн доллар киреше тапты

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы 2021-жылдын экинчи кварталы боюнча отчетун берди. Ушул жылдын II кварталында ЖТПнын кирешеси дээрлик 5.3 млн долларды түздү, бул 2020-жылдын экинчи кварталына караганда 80%га көп. 2021-жылга карата киреше – 9.5 млн долларга жетти.

Бул чейректе ЖТПнын 83 резидент компаниялары иштеген жана алар 963 адамды жумуш менен камсыз кылган.

Ушул жылдын II кварталында ЖПТнын кирешеси дээрлик 5.3 млн долларды түздү, бул 2020-жылдын экинчи кварталына караганда 80%га көп. 2021-жылга карата киреше – 9.5 млн долларга жетти.

ЖТП бул кварталда мамлекетке дээрлик 88 миң доллар салык төккөн.

Жогорку технологиялар паркынын көптөгөн IT компаниялары экспортко иштешет жана ушул жылдын экинчи мезгилинде экспорттун дээрлик 35% АКШга туура келген жана андан тышкары, Казакстан, Кипр, Россия, Улуу Британия, Япония, Грузия, Австралия сыяктуу өлкөлөр менен да иштешкен.