Кыргызстанда биринчи юрист-бот пайда болду – ал салыктар жана эмгек шарттары боюнча кеңеш берет
Кыргызстанда биринчи юрист-бот пайда болду. Ал жеке ишкерлерди каттоо боюнча, ошондой эле салык режимдери жана эмгек талаштары боюнча бекер кеңеш берет. Мындан тышкары, Telegram-бот карыз тил кат жана алимент алуу үчүн арыз толтура алат.
Телеграм-ботту юрист Фатима Якупбаева түзгөн. Анын айтымында, азыр виртуалдык юристтин жарым миңден ашык колдонуучулары бар.
«Бул толугу менен менин идеям. Көп жылдар бою мен муну ишке ашыргым келип жүргөн, бирок убакыт жана мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен чындап эле юридикалык консультация үчүн акча төлөй албаган адамдардын суроолоруна тез жана оңой жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалайм», – деди ал Economist.kg басылмасына берген маегинде.
Юрист-бот төмөндөгүлөр боюнча кеңеш берет:
- балдар үчүн алимент өндүрүү маселелери
- жеке ишкерди каттоо
- салык режимдеринин айрым түрлөрү
- эмгек талаш-тартыштарынын эки жалпы категориясы
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери
Якупбаева белгилегендей, азыр адвокаттар белгилүү бир сайттарда консультация беришет. Бирок, анын ою боюнча, келечекте суроо-жоопторду камтыган мессенджерлер менен боттор иш алпарат.