Кыргызстанда ким канча маяна алат? Айлык акыларды салыштыруу
Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда эң көп айлык акыны электр энергия жана газ тармагында эмгектенген адистер алат. Алардын айлыгы орточо эсеп менен 58 миң сомду түзсө, эмгеги эң аз баалангандар – айына 10.400 сом алган искусство тармагында иштегендер. Мындай маалыматты улуттук статистика комитети билдирет.
Болгону артисттерден 2000 сомго көбүрөөк айлык – 12 000 сом врачтар алышат. Ылдыйдан өйдөгө карай турган болсок, үчүнчү орунда айыл-чарба тармагында эмгектенгендердин маянасы – 15.500 сомду түзөт.
Улуттук статистика комитети белгилегендей, бул көрсөткүчтөр юридикалык жактардын мамлекетке эмгек боюнча формаларды толтурган статистикалык отчетторунун негизинде эсептелген жана бардык сандар орто баалар менен жазылган.
Расмий маалыматтарга таянсак, эң көп маяна төлөнгөн тармак – электр энергиясы менен камсыздоо, газ, буу жана кондиционердик аба тармагында иштегендер. Бул тармактагы адистердин орточо айлык акысы – 58 000 сомду түзөт. Андан кийин финансы жана камсыздоо боюнча адистер – 53 000 сомдон алышса, информация жана байланыш тармагындагылардын маянасы дээрлик – 52 000 сомго жетет.
Белгилеп кетчү нерсе, жогорудагы расмий сандар реалдуу жашоодон таптакыр эле алыс болушу мүмкүн.
Буга мисал, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери өтө аз айлык алгандыгы үчүн сахнага чыгуудан баш тартышкан. Алардын айтымында, алар көп убакыттан бери жетекчилик менен болгон маселени чечүүгө аракеттенишкен, бирок бардык аракеттеринен эч кандай майнап чыккан эмес.
Ошондой эле 8-марттагы премьер-министр Улукбек Мариповдун убадасына ылайык, 1-июлдан тартып кыргызстандык врачтардын айлык акысы көтөрүлөт.