> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каалоочулар үчүн Mini MBA онлайн курсу жакында старт алат
- URL: https://im.kg/all/2021/08/11/kaaloochular-ch-n-mini-mba-onlajn-kursu-zhakynda-start-alat/
- Published: 2021-08-11T11:22:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ишкердикти колдоо уюмунун колдоосу менен жакында каалоочулар үчүн Mini MBA онлайн курсу старт алат.**

Курс 17 сааттык бизнес маалыматтар, түшүнүктөр жана практикалык көнүгүүлөр берилген 169 видео сабактан турат. Уюштуруучулардын айтымында, курс материалды өздөштүрүү үчүн көп убакытты талап кылбагандай болуп түзүлгөн. Бир видеонун орточо узактыгы 6 мүнөт болот.

Курстун программасы төмөнкү бөлүктөрдөн турат:

- Стратегиялык менеджмент – Талант Жумазаев
- Кадрларды башкаруу – Владимир Ширяев
- Каржылык менеджмент – Руслан Калимов
- Маркетинг жана сатуу – Данияр Аманалиев

Mini MBA – бул бизнести башкаруунун негиздерине багытталган окуу программасы. Бул программа студенттерди да, адистерди дагы изилдөө же бул тармак боюнча фундаменталдуу түшүнүккө даярдайт.

Кененирээк маалымат алуу үчун бул [шилтемени](https://vizitka.kg/important-date/onlayn-kurs-mini-mba-dvigatel-vashey-karery-v-partnerstve-s-centrom-podderzhki-predprinimateley-g-osh?fbclid=IwAR3-YK54AI-B2SZiP6xSMcj13tuRzPBegcGoMusM7xntqlBQYDhI66XRops) басыңыз. 

Каттоо: [www.minimba.tv](https://www.minimba.tv/?fbclid=IwAR0JhSJus0XyUunZPPhFjnnTtPRDMUJ8hk8PTChoysBFI7oipJf3obBAMl8) сайты аркылуу жүргүзүлөт. Баасы жана каттоо боюнча толук маалымат алуу үчүн 0 776 376 744 телефон номуруна чалыңыз.