Кыргыз IT продукциясы Сингапурда 1 млн долларга бааланды
Кыргызстандык Codify Solutions компаниясынын IT-продукциясы Сингапур Antler акселераторуна өттү. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Дина Руслан фейсбук баракчасында билдирди.
Анын айтымында, акселератор өзү долбоорлорго 100 миң доллардан, ал эми өнөктөш венчурдук фонддор аркылуу – 1 млн доллардан инвестиция салат.
Кыргызстандык иштеп чыгуучулардын долбоорунун өзү 1 млн долларга бааланууда.
Белгилей кетсек, Codify LMS CRM IT продукциясы окуу процесстерин автоматташтыруу жана окуу материалдарын даярдоону жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан. Бул мугалимдер жана окуучулар үчүн окутуу жана окуу, үйрөнүү, иштөө үчүн жеке кабинет менен камсыз кылган платформа.
- Платформа тууралуу кененирээк Economist.kg сайтынын «КРнын программисттери билим берүү мекемелери үчүн уникалдуу кызматты түзүштү. Алар дүйнөлүк рынокко чыгууну пландап жатышат» деген материалынан окусаңыз болот.
Ошондой эле Дина Руслан жакында Сингапурга чакыруу алганын жана визага тиешелүү документтерди тапшырып койгону тууралуу да фейсбук баракчасында айтты.