> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан августтан баштап Түркмөнстандан электр энергиясын сатып ала баштайт
- URL: https://im.kg/all/2021/08/11/kyrgyzstan-avgusttan-bashtap-t-rkm-nstandan-elektr-energiyasyn-satyp-ala-bashtajt/
- Published: 2021-08-11T16:15:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР электр энергияны Түркмөнстандан сатып алат. Тиешелүү келишимге Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшту.**

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашышкан.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт.саат электр энергиясын берет. Ал келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт.саат электр энергиясын экспорттогон.

Белгилей кетүүчү нерсе, Энергетика министрлиги кандай баада сатып алып жатканын айткан жок.