Кыргызстан августтан баштап Түркмөнстандан электр энергиясын сатып ала баштайт

КР электр энергияны Түркмөнстандан сатып алат. Тиешелүү келишимге Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшту.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашышкан.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт.саат электр энергиясын берет. Ал  келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт.саат электр энергиясын экспорттогон.

Белгилей кетүүчү нерсе, Энергетика министрлиги кандай баада сатып алып жатканын айткан жок.