Кыргызстанда ишкер аялдардын продукцияларын сатуу үчүн онлайн платформа ишке кирет
Кыргызстанда биринчи онлайн платформа ишке кирет, ал электрондук соодага көмөктөшүү үчүн 1000ден ашуун ишкер аялдардын башын бириктирмекчи.
«Аялдан сатып ал» улуттук кампаниясынын алкагында «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду (She Starts)» коомдук бирикмеси «Глово» жеткирүү кызматы менен биргеликте, айылдык ишкерлердин продукциясын алар аркылуу сатууну баштады.
Бул кызматташтыктын жардамы менен ишкерлерди электрондук соодага тартуу, ошондой эле жергиликтүү өндүрүлгөн продукцияга суроо-талапты колдоо жана жогорулатуу пландаштырылууда.
«БУУнун Аялдары» долбоорунун координатору Гүлжан Ниязалиеванын айтымында, бул платформа айылдык аялдарга өзү жана өндүргөн продукциялары тууралуу айтып берүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Платформанын уникалдуулугу – ага региондордон келген ишкер аялдар жана соода жүгүртүүсү төмөндөр да каттала алышат.
«Ишкер аялдарды колдоо маанилүү, анткени аялдарды колдоо менен биз мамлекетибизди колдойбуз. Чакан жана орто бизнестин өнүгүшү өлкөнүн экономикасын кыймылга келтирүүдө. Бул онлайн платформа ишкер аялдарга бизнестин жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүнчүлүк берет», – деп кошумчалады She Starts долбоорунун координатору Жылдызай Турдубекова.
- Онлайн платформага катталуу үчүн, бул шилтеме аркылуу арыз толтуруу керек.
Бул демилге «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду (She Starts)» баштаган бейөкмөт уюм тарабынан жана Норвегия менен Швециянын өкмөтүнүн каржылоосу алдында «БУУнун Аялдары» түзүмүнүн «Айылдык аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү» программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.