> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мирлан Бакиров: улуттук башкаруу компаниясын түзүү идеясынын үстүндө иштеп жатабыз
- URL: https://im.kg/all/2021/08/11/mirlan-bakirov-uluttuk-bashkaruu-kompaniyasyn-t-z-ideyasynyn-st-nd-ishtep-zhatabyz/
- Published: 2021-08-11T14:17:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:46:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Келечекте улуттук башкаруу компаниясын түзүү идеясынын үстүндө иштеп жатабыз. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун (ММФ) төрагасы Мирлан Бакиров бүгүн, 11-августта өткөн «Мамлекет катышкан акционердик коомдордогу корпоративдик башкаруу: көйгөйлөр жана келечек» тегерек столунда айтты.**

ММФнын төрагасы Улуттук башкаруу компаниясы ири акционердик коомдорду, алардын уставдык капиталын бир жерге топтоп, эл аралык базарга чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын билдирди.

Андан тышкары, ал ММФ бюджетке 2019-жылы 3 млрд сом дивиденд төккөнүн жана 2020-жылы ал 1 млрд 700 млн сомго гана жеткендигин да айтып өттү. 

Аны менен катар бир катар мамлекеттик үлүшү бар ишканалар тууралуу да айтып, банк системасына да токтолду.

> «Банк системасын карап чыгыш керек. Мамлекеттик банктардын санын кыскартып, эффективдүүлүгүн көтөрүү керек. Айыл банк мисалы, майда-барат кредиттен тартып, айыл-чарба, ипотекага чейин кредит берүү милдетин алыш керек. РСК банк инвестиция багытындагы иштерди жасаган ири банк болушу зарыл деген ойдомун», – деди Бакиров.