Мирлан Бакиров: улуттук башкаруу компаниясын түзүү идеясынын үстүндө иштеп жатабыз

Келечекте улуттук башкаруу компаниясын түзүү идеясынын үстүндө иштеп жатабыз. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун (ММФ) төрагасы Мирлан Бакиров бүгүн, 11-августта өткөн «Мамлекет катышкан акционердик коомдордогу корпоративдик башкаруу: көйгөйлөр жана келечек» тегерек столунда айтты.

ММФнын төрагасы Улуттук башкаруу компаниясы ири акционердик коомдорду, алардын уставдык капиталын бир жерге топтоп, эл аралык базарга чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын билдирди.

Андан тышкары, ал ММФ бюджетке 2019-жылы 3 млрд сом дивиденд төккөнүн жана 2020-жылы ал 1 млрд 700 млн сомго гана жеткендигин да айтып өттү.

Аны менен катар бир катар мамлекеттик үлүшү бар ишканалар тууралуу да айтып, банк системасына да токтолду.

«Банк системасын карап чыгыш керек. Мамлекеттик банктардын санын кыскартып, эффективдүүлүгүн көтөрүү керек. Айыл банк мисалы, майда-барат кредиттен тартып, айыл-чарба, ипотекага чейин кредит берүү милдетин алыш керек. РСК банк инвестиция багытындагы иштерди жасаган ири банк болушу зарыл деген ойдомун», – деди Бакиров.