> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нариман Түлеевдин уулу «Дос-Кредобанктын» дагы 14.22% акциясына ээ болду
- URL: https://im.kg/all/2021/08/11/nariman-t-leevdin-uulu-dos-kredobanktyn-dagy-14-22-akciyasyna-ee-boldu/
- Published: 2021-08-11T10:55:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Дос-Кредобанк» ААКсынын баалуу кагаздарынын ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) маалымдады.**

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-августунда «Борбордук депозитарий» ЖАКы банктын жөнөкөй катталган акцияларын (116 213 нускада) Бакыт Нариман уулуна өткөрүп берген. Ошентип, ал банктын уставдык капиталынын **14.22%** акциясына ээ болгон.

> Белгилей кетсек, Бакыт Нариман уулу «Дос-Кредобанктын» директорлор кеңешинин төрагасы. 2018-жылы ал 49.71% акцияга [ээ болгон](http://localhost/info-portal/novosti/2019/04/03/akcioneram-dos-kredobank-vyplatyat-15-mln-somov-dividendov-vsju-chistuju-pribyl-za-god/). Ал Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин уулу. [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) мурда кабарлагандай, Нариман уулу туугандары менен бирге кеминде алты компанияга[ ээлик кылат](http://localhost/info-portal/novosti/2020/10/20/torgovye-centry-i-turkompanii-kakim-biznesom-vladejut-nariman-tjuleev-i-ego-semya/).

Эске салсак, өткөн аптада «Дос-Кредобанк» акцияларын кошумча чыгаруу аркылуу уставдык капиталын 194 млн сомго [көбөйткөн](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/10/dos-kredobank-akciyalaryn-chygaruu-arkyluu-194-mln-som-tapty/) болчу.