Нариман Түлеевдин уулу «Дос-Кредобанктын» дагы 14.22% акциясына ээ болду

«Дос-Кредобанк» ААКсынын баалуу кагаздарынын ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-августунда «Борбордук депозитарий» ЖАКы банктын жөнөкөй катталган акцияларын (116 213 нускада) Бакыт Нариман уулуна өткөрүп берген. Ошентип, ал банктын уставдык капиталынын 14.22% акциясына ээ болгон.

Белгилей кетсек, Бакыт Нариман уулу «Дос-Кредобанктын» директорлор кеңешинин төрагасы. 2018-жылы ал 49.71% акцияга ээ болгон. Ал Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин уулу. Economist.kg мурда кабарлагандай, Нариман уулу туугандары менен бирге кеминде алты компанияга ээлик кылат.

Эске салсак, өткөн аптада «Дос-Кредобанк» акцияларын кошумча чыгаруу аркылуу уставдык капиталын 194 млн сомго көбөйткөн болчу.