Россиялык компания Кыргызстанга жаңы гидроэнергетикалык объекттердин долбоорун түзөт

Россиялык «Гидропроект Институту» ААК Кыргызстан үчүн жаңы гидроэнергетикалык объекттердин долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

КРнын бийлиги менен түзүлгөн келишимдердин алкагында компания Бишкекте филиалын ачып, КРда чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү программасын («Жашыл миллиард») ишке ашыруу боюнча консультант статусун алган.

Берилген маалыматка ылайык, уюмдун кызматташтыктын приоритеттүү пландарына гидроэнергетикалык ресурстарды өнүктүрүүнүн башкы планын түзүү, иштеп жаткан гидротехникалык курулуштардын учурдагы абалын изилдөө, келечеги бар дарыяларды изилдөө, ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн өкмөткө кеңеш берүү кирет.

«Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен конструктивдүү ишкер жолугушуулардын жүрүшүндө, этап-этабы менен биргелешкен кадамдар аныкталып, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун катышуусу менен жумушчу топ түзүү пландалууда. Топ жумушчу маселелер боюнча өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгат, анын ичинде Борбордук Азиянын Бириккен Энергетикалык Системасын түзүү маселеси бар», – деди компаниянын башкы директору Евгений Беллендир.

Белгилей кетсек, учурда КР энергетикалык кризистин туу чокусуна чыгып, республика коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын карызга алууга мажбур болууда. Айтсак, андан тышкары, ушул аптада Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков Түркмөнстандан КРга электр энергиясын алып келүүгө кол коюшту.