Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү – мыйзамдагы салыктарды Минкабинет Салык кодексинин алкагында өзгөртө алат

Министрлер Кабинети салык төлөөчүнүн салык режимин Салык кодексинин алкагында гана өзгөртө алат. Бул тууралуу экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев бүгүн, 12 -августта экономикага өзгөчө кырдаалдар жөнүндөгү мыйзамды талкуулаган жыйында билдирди.

Анын айтымында, бизнестин курч тынчсыздануусун жараткан түзөтүүлөр алынып салынды. «Мамлекет бардык шарттарды камсыз кылат. Мисалы, мунайды, унду, дары-дармектерди импорттоодо КНС ставкаларын нөлгө түшүрдү. Бул мындан ары да уланат», – деди ал.

Министрдин орун басары ошондой эле мыйзам бузуулар боюнча кодекске, жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарга, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча өзгөртүүлөр мыйзам долбоорунан алынып салынганын айтты. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар, соода, лицензиялоо жана авторизациялоо системасы жана Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштелип чыккан.

Иманалиев мыйзам долбоорунда көмүскө экономика менен күрөшүүгө багытталган нормалар сакталарын кошумчалады. Бирок бизнести көмүскөдөн чыгаруу ыкмаларын ишкерлер өздөрү сунушташат.