> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандыктар Түркияга Бишкек аркылуу учууда – билеттер кыйла арзан
- URL: https://im.kg/all/2021/08/12/kazakstandyktar-t-rkiyaga-bishkek-arkyluu-uchuuda-biletter-kyjla-arzan/
- Published: 2021-08-12T10:03:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» аэропортунда Стамбулга учуп жаткан көп алматылык жүргүнчүлөрдү байкоого болот. Анткени казакстандыктар үчүн Бишкек аркылуу учуу пайдалуу, анткени Бишкек – Стамбул аба каттамынын баасы Алматыдан ошол эле багытка караганда бир нече эсе арзан.**

[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) Бишкек менен Алматыдан Түркияга каттамдардын баасын сурады. 12-августтан 19-августка чейин эки тараптуу билеттердин баасы:

**Бишкек –** **Стамбул –** **Бишкек**

Эң арзаны – 368 $, эң кымбаты – 435 $.

**Алматы –** **Стамбул –** **Алматы**

Эң арзаны – 650 $, эң кымбаты – 1388 $

Белгилей кетүүчү нерсе, бир ай мурда авиакомпаниялар Түркияга учуу каттамдарынын санын көбөйтүшкөн.

**Pegasus Airlines** Стамбул-Бишкек-​​Стамбул багытында жумасына 10 рейс аткарат. Анталия- Бишкек-Анталия багыты боюнча жумасына 5 рейс бар (дш., шш., шар., бш., иш.).

**Turkish Airlines** Стамбул-Бишкек-​Стамбул багытында жумасына 17 каттамды аткарат.

Ал эми кыргызстандыктар эң көп кайсы жактарга учаарын бул [шилтемеден](http://localhost/info-portal/novosti/2021/07/29/infografika-kuda-kyrgyzstancy-letajut-chashhe-vsego/) окусаңыз болот.