Казакстандыктар Түркияга Бишкек аркылуу учууда – билеттер кыйла арзан

«Манас» аэропортунда Стамбулга учуп жаткан көп алматылык жүргүнчүлөрдү байкоого болот. Анткени казакстандыктар үчүн Бишкек аркылуу учуу пайдалуу, анткени Бишкек – Стамбул аба каттамынын баасы Алматыдан ошол эле багытка караганда бир нече эсе арзан.

Economist.kg Бишкек менен Алматыдан Түркияга каттамдардын баасын сурады. 12-августтан 19-августка чейин эки тараптуу билеттердин баасы:

Бишкек Стамбул Бишкек

Эң арзаны – 368 $, эң кымбаты – 435 $.

Алматы Стамбул Алматы

Эң арзаны – 650 $, эң кымбаты – 1388 $

Белгилей кетүүчү нерсе, бир ай мурда авиакомпаниялар Түркияга учуу каттамдарынын санын көбөйтүшкөн.

Pegasus Airlines Стамбул-Бишкек-​​Стамбул багытында жумасына 10 рейс аткарат. Анталия- Бишкек-Анталия багыты боюнча жумасына 5 рейс бар (дш., шш., шар., бш., иш.).

Turkish Airlines Стамбул-Бишкек-​Стамбул багытында жумасына 17 каттамды аткарат.

Ал эми кыргызстандыктар эң көп кайсы жактарга учаарын бул шилтемеден окусаңыз болот.