> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРдагы ИДПнын өсүү темпи төмөндөөдө, инфляция жогору бойдон калууда
- URL: https://im.kg/all/2021/08/12/krdagy-idpnyn-s-tempi-t-m-nd-d-inflyaciya-zhogoru-bojdon-kaluuda/
- Published: 2021-08-12T18:10:19.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:02:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Макалалар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9.1%га төмөндөдү (2020-жылдын январь-июлуна 1.8% төмөндөѳ байкалган). Ал эми январь-июлда инфляция 7%ды түздү.** **Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Ички дүң продукттун (ИДП) өсүү темпинин төмөндөшү өнөр жайда жана курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9.1%га төмөндөдү (2020-жылдын январь-июлуна 1.8%га төмөндөѳ болгон). Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 5.0%га көбөйдү (2020-жылдын январь-июлунда 9,7 пайызга төмөндөѳ болгон).

> ИДП алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **1.6%га төмөндөө** менен **337 млрд** жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 306 млрд жакын сом өлчөмүндө түзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (47.8%з) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0.4 пайыздык пунктка көбөйдү.

- Белгилей кетсек, Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) **макроэкономикалык божомолунда** да тейлөө тармагы Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнүн негизги драйвери болот деп [айтылган болчу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/07/09/tejl-ch-jr-s-krnyn-ekonomikasyn-kalybyna-keltir-n-n-negizgi-drajveri-bolot-e-bd-n-bozhomolu/).

ИДП түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 20.9%ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 5%га төмөн болду, ал эми ушул эле учурда дүң жана чекене соода автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоолордун үлүшү, тескерисинче, 14.8 пайызды түзүү менен 1.3 пайыздык пунктка көбөйдү.

#### Кыргызстанда инфляция жогору бойдон калууда

Кыргызстанда январь-июлда инфляция 7%ды түздү. Тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар (+ 10%), алкоголдук ичимдиктер жана тамеки (+ 8.3%) кыйла жогорулады.

> Ошондой эле, азык-түлүк эмес товарларга баалар 4.7%га, ал эми калк үчүн тарифтерге-1.5%га жогорулады.

Керектөөчү баалардын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалган. Мында баалардын максималдуу өсүшү ( 9.7%) Баткен облусунда катталган. Бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк жана суусундуктардын (+ 13.8%), алкоголдун жана тамекинин (+ 13.6%) баасынын эң чоң өсүшүнө байланыштуу.

#### Баалардын өсүшү жылдын аягына барып басаңдайт

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) IV кварталда Кыргызстанда инфляциялык басым жана динамика басаңдайт деп божомолдоодо. Бирок жылдын аягында инфляция мурдагыдай эле **5-7% деңгээлинде** калат.

Банктын макроэкономикалык серебинде КРда июнь айында инфляция күтүлгөндөй эле жогорулаган, бирок алардын божомолунан да тез ылдамдык менен ашып өткөн. Эске салсак, июнь айында бул көрсөткүч **14.2%ды** түзгөн болчу.