Министрлер Кабинети ун чыгарылчу данды импорттоодо КНС ставкасын нөлгө түшүрдү

Министрлер кабинети ун болуп иштетилчү данды импорттоодо КНС ставкасын жокко чыгарды. Тиешелүү токтом 1-августтан тартып күчүнө кирет. Ал келерки жылдын августуна чейин жарактуу болот.

Ундун базардагы баасын турукташтыруу үчүн министрлер кабинети кошумча нарк салыгынан бошотушту:

  • ун болуп иштетилүүчү дан импорттоочу тарабынан түз импорттолгондо
  • импорттоочу өзү түздөн-түз ата мекендик дан эгиндеринен өндүрүлгөн унду салык төлөөчүгө жеткиргенде.