> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттин жана өкмөттүн Аппараты ак түстөгү жол тандабас унааларды алууга 60 млн сом жумшайт
- URL: https://im.kg/all/2021/08/12/prezidenttin-zhana-km-tt-n-apparaty-ak-t-st-g-zhol-tandabas-unaalardy-aluuga-60-mln-som-zhumshajt/
- Published: 2021-08-12T09:40:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:16:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенттин жана өкмөттүн администрациясына караштуу автотранспорт бирикмеси 60 млн сомго машина сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргенин [Kaktus.media](https://kaktus.media/doc/444114%5Fypravdelami%5Fprezidenta%5Fi%5Fpravitelstva%5Fzakypit%5Fnovye%5Favto%5Fbelogo%5Fcveta%5Fna%5F60%5Fmln.html) кабарлады.**

Жарыяланган тендерде автоунаалар 2021-жылы чыккан, буга чейин колдонулбаган жаңы болуш керек экендиги, беш эшиктүү болуп, чоң жолдордо жана жолсуз талаа-түздө да эч кандай тоскоолдуксуз жүрүү керектиги жазылган.

> Машинанын түсү сөзсүз ак болушу керек экен.

Кошумча талаптар дагы бар: унаа алынып келингенден кийин дароо айдоо үчүн техникалык кароодон өтүшү керек, анын ичинде редукторго жана моторго май толтурулган, заряддалган батареясы болуш керек, ошондой эле муздатуу системасы антифриз менен толтурулушу керек экен.