> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк үч коммерциялык банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүн бекитти
- URL: https://im.kg/all/2021/08/13/uluttuk-bank-ch-kommerciyalyk-banktyn-direktorlor-ke-eshinin-k-z-karandysyz-m-ch-l-r-n-bekitti/
- Published: 2021-08-13T10:38:36.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:44:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк кечээ, 12 -августта үч коммерциялык банктын көз карандысыз директорлордун талапкерлигин бекитти. Бул тууралуу регулятордун басма сөз кызматы билдирди.**

Ага ылайык:

- Эрмек Абласовдун талапкерлиги «БАКАЙ БАНК» ААКнын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызматына
- Юлия Кимдин талапкерлиги «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана текшерүү комитетинин төрагалыгына
- «Дос-Кредобанк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагалыгына Гүланда Нурмолдоеванын талапкерлиги бекитилди.