Улуттук банк үч коммерциялык банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүн бекитти

Улуттук банк кечээ, 12 -августта үч коммерциялык банктын көз карандысыз директорлордун талапкерлигин бекитти. Бул тууралуу регулятордун басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык:

  • Эрмек Абласовдун талапкерлиги «БАКАЙ БАНК» ААКнын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызматына
  • Юлия Кимдин талапкерлиги «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана текшерүү комитетинин төрагалыгына
  • «Дос-Кредобанк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагалыгына Гүланда Нурмолдоеванын талапкерлиги бекитилди.