Алтайлык компаниялар кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуу өткөрүүдө
Соода-өнөр жай палатасында Алтайтан келген делегация менен бизнес-жолугушууга 20 кыргызстандык компаниялар катышууда. Иш-чара бүгүн, 16-августта, Бишкекте В2В форматындагы сүйлөшүүлөр түрүндө уланып жатат. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.
Россия тараптан «Торговый Дом Снабженец» ЖЧКсы (Калман нан өндүрүмдөр комбинаты), «Михайловский Мукомольный Комбинат» ЖЧКсы, «Сиболеум» жана «Норд» компаниясы катышууда. Бул компаниялар кыргызстандык өнөктөштөргө дандын түрлөрүн, ун, ири мүйүздүү мал жана куштар үчүн жем-тоюттарды сунуштап жатышат.
Берилген маалыматка ылайык, эртеңден тарта Алтайдан делегация Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен бирге кызыктырган багыттар боюнча эки тараптуу пайдалуу келишимдерди түзүү үчүн эки күн бою кыргызстандык компанияларды кыдыраарын Соода-өнөр жай палатасынан айтышты.