> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги «Головнойду» оңдоо иштеринде 1.5 млн сом мыйзамсыз иштетилген
- URL: https://im.kg/all/2021/08/16/batkendegi-golovnojdu-o-doo-ishterinde-1-5-mln-som-myjzamsyz-ishtetilgen/
- Published: 2021-08-16T09:58:04.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланган. Суу чарба башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 657 851 сом которуп салган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлаганын жергиликтүү [басылма](https://batken.press/golovnojdu-ondoogo-b%c3%b6l%c3%bcng%c3%b6n-karazhat-myjzamsyz-ishtetilgen/?fbclid=IwAR3iXTUMbypfWwVtfj5eLwwZI21pycEyq3fYLZzDBRKJ1kIoQrg09nXTaaI) жазып чыкты.** 

Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. 

Билдирмеге караганда, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы стратегиялык объект болгон «Головной» суу бөлүштүрүү жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланган.

> «Суу чарба башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө **1 657 851 сом** которуп салган. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объектинин оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендер өткөрүүдө жогорудагы жооптуу кызматкерлер эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен коротулган **ашыкча чыгым 602 503 сомду** түзгөн.

Ал эми **651 396** сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз жол менен өздөрүнө ыйгарып алышкан.

> Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы дээрлик **3 млн сом** зыян келтирилген.

Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.