Кыргызстанда баалуу металлдардын биржасын түзүү пландалууда
Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулоонун алкагында Кыргыз фондулук биржасында баалуу металлдардын жүгүртүлүшү боюнча долбоорду киргизүү пландалууда.
КФБнын президенти Медет Назаралиев баалуу металлдардын биржасын өнүктүрүү каржы рыногуна оң таасирин тийгизет деп эсептейт.
«Биринчиден, жаңы рыноктун түзүлүшү менен, алтындын жана баалуу металлдардын негизги керектөөчү өлкөлөрдөн өлкөгө кошумча капитал агат. Экинчиден, каржы рыногунун кесипкөй катышуучулары жана калк үчүн кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөр ачылат. Биржада соода кылуу активдүү соодагерлерди да, узак мөөнөттүү инвесторлорду да кызыктырат. Андан тышкары, башка финансылык инструменттерге салыштырмалуу бул жерде чыгымдар минималдуу. Биржа бүтүмдөрдүн гаранты катары иштейт жана алардын ачыктыгын камсыздайт», – деп түшүндүрдү Назаралиев.
Анын пикиринде, бүгүнкү күндө Кыргызстанда баалуу металлдардын биржасын өнүктүрүү үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Республикада 255тей алтын кени бар, алардын жалпы запасы 2149 тоннаны түзөт. КРда жыл сайын 18.3 тоннага жакын алтын казылып алынат, анын 18 тоннага жакыны экспорттолот.
КФБнын жетекчисинин айтымында, баалуу металлдар биржасын түзүү – рынокто көмүскө жүгүртүүнү мыйзамдаштырууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү зергер буюмдары менен камсыз кылуу үчүн ички чийки зат базасын өнүктүрүүгө алып келет.