> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Октябрдан пенсия көтөрүлөт жана жарым жылда 41 миң жаранга пенсия чектелди – Соцфонд
- URL: https://im.kg/all/2021/08/16/oktyabrdan-pensiya-k-t-r-l-t-zhana-zharym-zhylda-41-mi-zharanga-pensiya-chekteldi-socfond/
- Published: 2021-08-16T11:32:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:10:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын январь-июль айларында Социалдык фонд тарабынан 41017 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Ошондой эле ушул жылдын октябрь айынан тартып, пенсиянын көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.** 

2021-жылы июль айында 4619 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча **839** пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги министрлер кабинетинин алардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо боюнча токтомдорунун долбоорлорун коомдук талкууга чыгарганын [24.kg](https://24.kg/obschestvo/203882%5Fs1oktyabrya%5Fvkyirgyizstane%5Fvyirastut%5Fpensii%5Fvsotsfonde%5Frasskazali%5Fnaskolko/) маалымдады.

Чиновниктер пенсиянын жалпы суммасы өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунан (4785.4 сом) төмөн болсо, базалык бөлүгүн **10 пайызга** жогорулатууну сунуштап жатышат. Министрликтин маалыматы боюнча, муну өлкөдө 343.8 миң (48 пайыз) пенсионер алат.

> Камсыздандыруу бөлүгү **4785.4 сомго чейин** пенсия алгандар үчүн кеминде **200 сомго,** анын өлчөмү бул суммадан ашса **500 сомдон** кем эмес көбөйтүлүшү күтүлүүдө.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн алдыдагы индекстөөнүн жыйынтыгы боюнча, жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 6 248 сомго бааланат, бул 455 сомго көбөйгөн учурдагы орточо пенсиядан жогору эсептелгенде ( 8 пайыз).

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 1-октябрга карата пенсионерлердин саны **715.5 миң** адамды түзөт.