Октябрдан пенсия көтөрүлөт жана жарым жылда 41 миң жаранга пенсия чектелди – Соцфонд

2021-жылдын январь-июль айларында Социалдык фонд тарабынан 41017 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Ошондой эле ушул жылдын октябрь айынан тартып, пенсиянын көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.

2021-жылы июль айында 4619 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 839 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги министрлер кабинетинин алардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо боюнча токтомдорунун долбоорлорун коомдук талкууга чыгарганын 24.kg маалымдады.

Чиновниктер пенсиянын жалпы суммасы өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунан (4785.4 сом) төмөн болсо, базалык бөлүгүн 10 пайызга жогорулатууну сунуштап жатышат. Министрликтин маалыматы боюнча, муну өлкөдө 343.8 миң (48 пайыз) пенсионер алат.

Камсыздандыруу бөлүгү 4785.4 сомго чейин пенсия алгандар үчүн кеминде 200 сомго, анын өлчөмү бул суммадан ашса 500 сомдон кем эмес көбөйтүлүшү күтүлүүдө.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн алдыдагы индекстөөнүн жыйынтыгы боюнча, жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 6 248 сомго бааланат, бул 455 сомго көбөйгөн учурдагы орточо пенсиядан жогору эсептелгенде ( 8 пайыз).

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 715.5 миң адамды түзөт.