> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги «Сары-Өзөн» базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү
- URL: https://im.kg/all/2021/08/17/bishkektegi-sary-z-n-bazary-tolugu-menen-mamlekettin-karamagyna-tt/
- Published: 2021-08-17T12:54:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектеги «Сары-Өзөн» базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Биринчи радиого билдирди.**

Анын айтымында, Жогорку соттун чечими менен «Сары-Өзөн» 3 гектар жери жана активдери мамлекетке өттү.

Бакиров бүгүнкү күндө сотто каралып жаткан дагы башка объектилер бар экендигин айтып, соттун чечими менен сөз кайсы мекемелер тууралуу болуп жатканын билүүгө болорун белгиледи.