Бишкектеги «Сары-Өзөн» базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү
Бишкектеги «Сары-Өзөн» базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Биринчи радиого билдирди.
Анын айтымында, Жогорку соттун чечими менен «Сары-Өзөн» 3 гектар жери жана активдери мамлекетке өттү.
Бакиров бүгүнкү күндө сотто каралып жаткан дагы башка объектилер бар экендигин айтып, соттун чечими менен сөз кайсы мекемелер тууралуу болуп жатканын билүүгө болорун белгиледи.