Кореялык инвесторлор түштүктөгү кенди басып алган рейдерлерди жоопко тартууну суранышууда

Кореядан келген инвесторлор кыргыз бийлигинен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Төмөнкү Чандалаш» кенин басып алгандарды жоопко тартууну суранышууда. Бул тууралуу Коррупцияга каршы ишкер кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешке Түштүк Кореянын чет өлкөлүк жарандарынан, атап айтканда «Тоокен Корея» ААКсынын директору Ли Кын А. берген билдирүүгө ылайык, чет өлкөлүк инвесторлор ачык түрдө рейдерлик жол менен мүлктү тартып алуунун курмандыгы болушкан. Ошондой эле бул жагдайга полиция, прокурорлор жана соттор эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Түштүк кореялык инвесторлордун айтымында, 2012-жылдын декабрынан 2021-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Төмөнкү Чандалаш» кенине салынган инвестициялардын суммасы 1 млн долларды түзгөн.

Инвесторлор «Booster» ЖЧКсынын иши толук каралып бүткүчө кендеги бардык иштерди токтотууну суранышууда. Учурда Түштүк Кореянын жарандары, компаниянын 25% акцияларына ээ болсо да шахтага кире албай калышкан жана ал мурдагы жылдардагы пайданын үлүшүн алыша элек.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши мүлктү рейдерлик басып алууга тиешеси бар бардык адамдарды жоопко тартуу үчүн кореялык инвесторлордун укугун коргоо чараларын көрүү сунуштарын президентке, ошондой эле КРнын Башкы прокуратурасына жөнөттү.