Президентке Digital CASA долбоорyндагы коррупция тууралуу айттым, – Чекирбаев
Мурдагы мамлекеттик кызматкер Уран Чекирбаев президенттик аппараттын бөлүм башчысы кызматынан кеткенден кийин, ал муну кесиптештеринин Digital CASA долбоору боюнча опузалоо аракеттерин ачык жарыялагандыгы менен түшүндүргөн болчу. Бул тууралуу Чекирбаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазган эле. Андан көп өтпөй президент кабыл алууга чакырганын кабарлаган. Кечээ, 16-августта ал президенттин кабыл алуусунда болгонун, 40 мүнөттөй убакытта өлкөдөгү маселелер тууралуу айтканын билдирген.
Анын айтымында, ал президентке Digital CASA маселеси кандай болгонун, «Кыргызтелекомдогу» көйгөй, Санариптештирүү тармагындагы мамлекеттик ишканалардын маселеси, «Тундук ишканасы» боюнча, Жогорку технологиялар паркы боюнча көйгөйдү, Экология тармагындагы жумушсуз калган 38 кызматкердин келечеги, Минфин менен Минэкономиканы бөлүү сунушун, Кабмин менен президенттин Аппаратын бөлүү тууралуу, таза суу жана ирригациядагы маселелер, анын ичинен Балыкчы жана Караколдогу саркынды сууну тазалоо долбоорунун жай жылышы жана АБР тарабынын долбоорду жабуу тобокелдиги, мамлекеттик кызматкерлерди 30 пайыз кыскартуудагы кадр маселеси, жумуш орундарын түзүү программасын иштеп чыгуу зарылчылыгы, президенттин алдында долбоорлорду ишке ашыруу сунушу жана бир канча маселелр тууралуу кабарлаган.
«Президент бардык айтканымды кунт коюп, керектуу жерлерди жазып алды. Бирок мен тууралуу эч кандай чечимди айтпады», – деп жазды Чекиров.
Эске салсак ал, өзүнүн фейсбук баракчасында аталган долбоор тууралуу:
«Көптөр эмне үчүн жумушуңдан кеттиң деп сурап жатышат. Негизги себеби – менин Президенттик Администрацияда менин кесиптештерим, тактап айтканда, санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчылары Муканов (мурдагы) жана Байтереков (азыркы) Digital CASA долбоорунун тендеринин жеңүүчүсүнөн 300 миң доллар опузалап алуу аракетин кылганын ачык айттым», – деген эле ал.