> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Руслан Татиков Экономика министринин орун басары болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2021/08/17/ruslan-tatikov-ekonomika-ministrinin-orun-basary-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2021-08-17T13:17:21.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 17-августта Экономика жана финансы министрлигинде Акылбек Жапаров министрдин жаңы орун басары Руслан Татиковду тааныштырганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.** 

Министр белгилегендей, тиешелүү буйрукка 16-августта өлкөнүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

- Руслан Татиков 1982-жылы туулган. Кыргыз Улуттук Университетинин Экономикалык факультетин аяктаган жана Японияда 2 жыл Дошиша Университетинде мамлекеттик башкаруу боюнча билим алган. Ишмердүүлүгүн Улуттук банкта практикант болуудан баштап, 2007-жылдан бери Экономика министрлигинде иштеп келет.