Руслан Татиков Экономика министринин орун басары болуп дайындалды
Бүгүн, 17-августта Экономика жана финансы министрлигинде Акылбек Жапаров министрдин жаңы орун басары Руслан Татиковду тааныштырганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министр белгилегендей, тиешелүү буйрукка 16-августта өлкөнүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
- Руслан Татиков 1982-жылы туулган. Кыргыз Улуттук Университетинин Экономикалык факультетин аяктаган жана Японияда 2 жыл Дошиша Университетинде мамлекеттик башкаруу боюнча билим алган. Ишмердүүлүгүн Улуттук банкта практикант болуудан баштап, 2007-жылдан бери Экономика министрлигинде иштеп келет.