Бишкекте кыргыз-казак бизнес форуму өтүүдө
Бүгүн, 18-августта Бишкектеги «Орион» мейманканасында кыргыз-казак бизнес форуму өтүүдө. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бизнес-форумдун күн тартибинде тамак-аш, тоо-кен, жеңил металлургия, машина куруу, ошондой эле фармацевтика, телекоммуникация жана IT секторлорундагы кызматташуу тууралуу талкуулар бар.