КРгы оогандыктар расмий макам алуу же аларды АКШга кетирүү талабы менен чыгышты
Бүгүн, 18-августта, Кыргызстанга 20 жыл мурун келген Ооганстандын жарандары БУУнун Бишкектеги имаратынын алдына чогулушту. Алардын негизги талабы – Кыргызстандагы расмий качкын макамын алуу же болбосо, Канадага же АКШга кетүүгө мүмкүнчүлүк алуу.
Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, чогулган оогандыктардын билдирүүсүндө алар КРга 22 жыл мурда келишип, балдары бул жерде төрөлгөнүнө карабастан, Кыргызстан аларга «качкын» статусун берген эмес.
Алар акцияларын маселеге көңүл буруп, аны чечүүгө жардам бериши үчүн БУУнун имаратынын алдында башташты жана андан ары акцияны АКШнын элчилигинин алдында улантууну пландап жатышат.
«Биз Ооганстандагы баш аламандыктан улам көптөгөн жарандар азыр АКШга же Канадага жөнөтүлүп жатканын угуп, бизди да алардын тизмесине киргизүүнү каалайбыз», – деп билдирди митингчилердин бири.