> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 900 иш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу жүрүп жатат
- URL: https://im.kg/all/2021/08/18/oshto-900-ish-orunduu-tig-fabrikasynyn-kurulushu-zh-r-p-zhatat/
- Published: 2021-08-18T10:59:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ошто 900 иш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун төрагасы Артем Новиков өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.**

Ал түштүк жергесине болгон иш сапарынын алкагында ондон ашык ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан.

> «Ошто 900дөн ашык жумуш орундарын түзө турган чоң тигүү фабрикасын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жалпы аянты 8 гектарды түзгөн күнөскана чарбасынын ээлери Фонддун өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, комплексти эки эсеге кеңейтүү үчүн каржылоо алышат. Ошондой эле дагы бир компания насыя алуу үчүн арыз берүүдө, анын долбоору Россиядан келген абердин ангус бодо малынын асыл тукумун өстүрүүгө багытталган», – дейт Новиков.

Ал региондогу долбоорлорду ишке ашыруу динамикасы жакшы экенин, Фонд артыкчылыктуу багыттар боюнча кредиттик линияларды берүү үчүн ишкерлер менен иштөөнү улантаарын билдирди. 

- Белгилей кетсек, учурда ОКӨФтүн портфелине түз каржыланган 67 долбоор жана коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдар аркылуу каржыланган **2973 долбоо**р [кирет](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/06/ok-f-ishin-zhandandyrgandan-beri-zhalpy-summasy-6-mln-dollarlyk-t-rt-dolboordu-karzhylady/). Берилген кредиттердин жалпы суммасы – **384 млн долларды** түзөт.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/Novikov-Osh1.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/Novikov-Osh1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/Novikov-Osh2.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/Novikov-Osh2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/NovikovOsh3.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/08/NovikovOsh3.jpg)