Улуттук банк: Салык кызматына банктын кардарларынын жашыруун маалыматтарын берүү сунушун талкуулоого али эрте

Улуттук банк Economist.kg сайтына Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча комментарий берди. Аталган кодекске ылайык, Салык кызматы банктардын жашыруун сыры катары эсептелген маалыматтарды соттун чечими жок эле үч күндүн ичинде алуу укугуна ээ.

Учурда УБ кардарлардын банктык жашыруун маалыматын соттун чечимисиз эле өткөрүп берүү сунушун талкуулоо азырынча эрте деп эсептейт.

Улуттук банктан билдиргендей, бул сунуш иштелип жаткан КРнын Салык кодексинин жаңы редакциясынын алкагында киргизилген. Жаңы кодекстин долбоорун мамлекеттик органдардын, коомчулуктун, анын ичинде Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп чыгууда.

«Учурда ведомстволор аралык жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн сунуштарын чогултуу жана изилдөө иштери жүрүп жатат. Жумуштар аяктагандан кийин ведомстволор аралык жумушчу топ Салык кодексинин жаңы редакциясынын акыркы долбоорун мыйзамда белгиленген тартипте сунуштоого жана бекитүүгө даярдайт», – деп билдиришти Улуттук банктан.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын банктар союзу фейсбук барагында Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинин 126-беренесине «банктын кардарлары тууралуу дээрлик бардык маалыматты» ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатканын билдирген болчу.

Салык кызматы кардарлардын эсептери аркылуу жүргөн бардык операциялар менен эсептин азыркы абалы тууралуу маалыматтарды дагы соттун чечими жок эле алууну көздөп жатат.

Тактап айта турган болсок, азыркы Кодекске ылайык, салык кызматы бул маалыматты соттун чечиминен кийин гана ала алат. Азыр болсо мекеме аны соттун эч кандай чечими жок эле алгысы келип жатат.

Белгилей кетчү нерсе, бул Кодекске киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу ЖМКлар тынчсыздануу менен жазып баштаганда, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» өзүнүн фейсбук барагынан бул билдирүүнү өчүрүп салды.