Унаа, турак-жай жана жер салыктарын убагында төлөөгө эки жума калды – кийин айып пул салынат
Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай мүлктөрүнүн жана жер тилкелеринин ээлерин калган убакыттан пайдаланып, 1-2-сентябрда салыктарды төлөөгө чакырат. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Жарандарда салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн дагы эки жума бар. Ушуга байланыштуу, Салык кызматы өздөрүнүн убактыларын банкттардын кассаларында кезектерде коротпостон, алдын ала, тынч жана ашыкча кыжаалат болбостон убагында төлөөгө чакырат.
Жарандар өзү үчүн ыңгайлуу салыкты төлөө ыкмасын тандап ала алышат. Салыктарды бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.
Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат.
Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.