Уставдык капиталы 50 млн доллар Өзбек-Кыргыз фонду түзүлөт

 Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт.

Буга байланыштуу, Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда. 

Фонд Уставдык капиталы 50 млн доллар болуп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 млн долларга чейин жеткирилген эл аралык уюм болот деп билдирди президенттин маалымат кызматы.