Банк иштери тууралуу Салык кодексине өзгөртүү киргизүү президенттин тапшырмасы болгон

Кыргызстандын өкмөтү Салык кодексинин жаңы редакциясын быйыл жыл башында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен даярдай баштаган. Бул тууралуу Азаттыктын Салык кызматы банктардын кардарларынын сыр маалыматтарын соттун чечими жок эле алуу укугун берген, өзгөртүүлөр киргизилип жаткан кодекс тууралуу макаласында айтылат.

Ага ылайык, Кыргызстандын өкмөтү Салык кодексинин жаңы редакциясын быйыл жыл башында президенттин тапшырмасы менен даярдай баштаган. Документ салыктардын бир нече түрүн бириктирүү, администрлөөнү жеңилдетүү жана башка максатта жаңыланары айтылган.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын директорунун орун басары Адилет Дубанаев Азаттыкка берген билдирүүсүндө банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тараптан салык органдарына мыйзамдарга ылайык салык салуу үчүн азыр деле берилет деп билдирди.

«Азыркы иштеп жаткан мыйзамдын 130-беренесине ылайык, банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тараптан салык органдарына мыйзамдарга ылайык салык салуу үчүн азыр деле берилет. Анын жол-жобосу Салык кодексинин 126-беренесинде көрсөтүлгөн. Муну биз азыр деле салык көзөмөлүн жүргүзүп жаткан учурда соттун чечими жок эле ала алабыз. Салык көзөмөлүн болсо кандайдыр бир эскертүү берилген учурда жүргүзөбүз жана ошондон кийин банктардан суроо-талап кылабыз. Банктык маалыматты алгандан кийин ал салыктык сыр болуп калат жана эч качан эч жакка жарыяланбайт. Салык кызматы иштеп келаткан 30 жылдан бери ал маалыматтар сыртка чыгып кеткен же туура эмес колдонулган учур болгон эмес. Азыркы жасалып жаткан долбоордо так ошол процессти эле санариптештирүү жолу аркылуу ишке ашыруу көрсөтүлгөн. Мурда кагаз жүзүндө алсак, азыр «Түндүк» системасы аркылуу алуу максат коюлуп жатат», – дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын банктар союзу фейсбук барагында Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинин 126-беренесине «банктын кардарлары тууралуу дээрлик бардык маалыматты» ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатканын тынчсыздануу менен билдирген болчу.

Салык кызматы кардарлардын эсептери аркылуу жүргөн бардык операциялар менен эсептин азыркы абалы тууралуу маалыматтарды дагы соттун чечими жок эле алууну көздөп жатат.