> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде баасы 2 млн сомдон ашык контрабанда жүгү кармалды
- URL: https://im.kg/all/2021/08/19/batkende-baasy-2-mln-somdon-ashyk-kontrabanda-zh-g-karmaldy/
- Published: 2021-08-19T13:44:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткенде оперативдүү бажысынын кызматкерлери наркы 2 млн сомдон ашык болгон контрабанда жүгүн кармашты. Бул тууралуу бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.**

ЕАЭБдин бажы аймагы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, Оперативдүү бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда КР жараны «А. у М.» башкаруусунда «DAF» үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулган. 

> Транспорт каражатын кароодо – «Лазер» үлгүсүндөгү ак күрүч товары табылган. Күрүчтүн жалпы салмагы **23 000 кг**, ал эми наркы **2 300 000 сомду** түздү. Товар Кыргызстанга чектеш мамлекеттен ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуу менен ташылып киргизилген. 

Бул факт КЖБР МЭЖ АМСта катталган, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке жалпы суммасы 539 350 сомду түзгөн материалдык зыяндын орду толтурулду.